Мирбек Атабеков & Гульнур Сатылганова - Обон

гульнур сатылганова мирбек атабеков обон текст

Рейтинг: 0

Исполнитель: Мирбек Атабеков & Гульнур Сатылганова

Произведение: Обон

Длина: 04:00

Дата добавления: 2015-04-10

Текст просмотрен: 812

Скачать
Другие песни исполнителя Мирбек Атабеков & Гульнур Сатылганова
Текст песни:

Күн дүйнөнү ар убак,
Күүгө салат табигат.
Жалбырактар даракта,
Алакандай чабылат.

Шаң учурган шамалдан,
Шаттык ыры жаралган.
Толкуп кетип обонго,
Тоолор бийик жаралган.

Кайырма:
Ар күнүң табылбас кайрыктай,
Обонго салып кал айрымдарын.
Бул өмүр жүктөлүү байлыктай,
Кербенге теңелет ай, жылдары.
Ак тилек ырдан айрылбагын.

Кубанычты аркалап,
Куштар сайрап жар салат.
Жалганына карабай,
Жашоо кандай салтанат!

Ырчы болор жорголор,
Сырдуу обон ойнолот.
Сүйүү тилеп адамзат,
Сезим кылдай толгонот!

Видео
Гулнур Сатылганова, Мирбек Атабеков Обон
Комментарии (0)
Добавить комментарий



Каптча: